Каныбек Туманбаев: Санариптештирүү иштерин жүзөгө ашырбаган жетекчилер кызматтан алынат

Коом 1556 28 Апрель 2025 17:35
494383934_2069288013580215_334355828699298711_n.jpg
494512289_2069288040246879_3625380903534519101_n.jpg
493724297_2069288010246882_2042410214034141341_n.jpg
493536029_2069288046913545_6497574109124757219_n.jpg
Алдыга
Артка
494383934_2069288013580215_334355828699298711_n.jpg
494512289_2069288040246879_3625380903534519101_n.jpg
493724297_2069288010246882_2042410214034141341_n.jpg
493536029_2069288046913545_6497574109124757219_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Иш башкармалыгынын маалымат кызматы

Бишкек, 28.04.25. /Кабар/. Санариптештирүү иштерин жүзөгө ашырбаган жетекчилер кызматтан алынат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев аппараттык жыйында билдирди.

Туманбаевдин айтымында, ведомстволук уюмдардын ишмердүүлүгүн белгиленген мөөнөттө толук санариптештирүү керек.

“Биз президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын так жана өз убагында аткарышыбыз керек. Мамлекеттик башкарууну ачык-айкын жана натыйжалуу кылуунун жолу — бул санариптик реформалар,” — деп белгиледи ал.

Ошондой эле “Кызмат” мекемеси башка мамлекеттик органдардын ишин санариптик чечимдер менен колдоого тийиш экендиги белгиленди.

Жыйындын жүрүшүндө “Ала-Арча” жаратылыш паркынын алдыдагы ишмердүүлүгү да талкууланып, туристтик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана экологиялык талаптарды бекем сактоо боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Акыркы эки жыл ичинде президенттин Иш башкармалыгында жана ага караштуу бардык ведомстволук уюмдарда санариптештирүү иштери кеңири жүргүзүлдү.

Маалыматка ылайык, 2024-жылы ведомстволук уюмдардын жалпы кирешеси 6 млрд сомго жетип, 2019-жылга салыштырмалуу 12,9 эсеге көбөйдү (2019-жылы — 462,9 млн сом). 98% кызмат көрсөтүүлөр жана төлөмдөр электрондук форматка өтүп, накталай акча жүгүртүү дээрлик токтотулду. Иш башкармалыктын ички документ жүргүзүүсү (кат алышуу, буйруктар, расмий чечимдер) толук электрондук форматка өттү. Ведомстволук уюмдар негизги процесстерди санариптештирип, тейлөө ылдамдыгын жана ачык-айкындуулукту жогорулатты.