Туманбаев: Ала-Арча жаратылыш паркынын мисалында Каракол улуттук табият паркы да өнүгөт

Коом Загрузка... 24 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous

Бишкек, 24.01.2025 /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Каныбек Туманбаев Каракол улуттук табият паркы боюнча жыйын өткөрдү.

Иш башкармалыктан билдиришкендей, Каракол улуттук табият паркынын маселелери боюнча жыйынга парктын жетекчилиги жана парктан ижарага жер алган ишкерлер катышты.

Каныбек Туманбаев Ала-Арча жаратылыш паркынын мисалында Каракол улуттук табият паркы да өнүгө турганын билдирди.

Жыйындын негизги темалары төмөнкүлөр болду:

  • 1. Ижарага алынган жерлер боюнча комиссия түзүү – Парктын аймагынан ижарага алынган жерлерди иликтөө жана алардын максаттуу колдонулушун камсыз кылуу максатында комиссия түзүү маселеси каралды.
  • 2. Ижара келишимдерин кайра кароо – Парктын аймагынан мыйзамсыз алган жерлер мамлекетке кайтарылат. Айрым ижара ээлери 10 жылдап жерлерге ээлик кылып, бирок эч кандай иштер аткарылбай калгандыгы белгиленди.
  • 3. Ишкерлерге жардам көрсөтүү – Парктын аймагынан ижарага алып, курулуш иштери аяктаган жайларды бузбоо, бирок ижара акысын кайра карап чыгуу боюнча сунуштар талкууланды. Бул ишкерлерге ишмердүүлүгүн улантууга жардам берүү максатында жасалууда.
  • 4. Инфраструктураны өнүктүрүү жана санариптештирүү – Каныбек Туманбаев парктын аймагында заманбап A-frame үлгүсүндөгү үйлөрдү жана башка инфраструктураны өнүктүрүү боюнча тапшырма берди. Ошондой эле, паркты толук санариптештирүү тапшырмасы берилди. Электрондук шлагбаумдар, акылдуу кулпулар жана төлөмдөрдү толугу менен накталай эмес жүргүзүү механизмдерин киргизүү милдеттендирилди. Бул чаралар коррупцияны алдын алууга багытталган.

Каныбек Туманбаев комиссиянын мүчөлөрүнө калыс жана адилеттүү чечимдерди кабыл алуу керектигин эскертти.

Жыйында ошондой эле Караколду кышкы туризмдин борборуна айлантуу боюнча пландар айтылды. Аэропорттун курулушу аяктаганы жана 3, 4, 5 жылдыздуу мейманканалардын курулуп жатканы белгиленди.

Каныбек Туманбаев Каракол улуттук табият паркы боюнча жыйындын алкагында, Ала-Арча жаратылыш паркынын өнүгүү тажрыйбасын мисал катары келтирип, Каракол улуттук табият паркынын да алга жылуусун камсыз кылуу керектигин белгиледи. Ал, жаратылыш парктарын туура пайдалануу жана алардын кооздугу менен туристтик тармакты өнүктүрүү боюнча иш-аракеттерди күчөтүү зарыл экенин айтты.

Туманбаев Караколдун потенциалы жогору экенин, анын да Ала-Арча сыяктуу ийгиликтүү өнүгүп, өлкөнүн туризм секторунда маанилүү роль ойношу үчүн бардык тараптардын биргелешип иштөөсү керектигин кошумчалады.