Каныбек Туманбаев аймактардагы ипотекалык үйлөрдүн баасын айтты

Коом 1060 11 Март 2025 13:50
WhatsApp_Image_2025-01-24_at__84urkVU.max-1920x1080.format-webp.webp
852031709180880_big.jpg
Алдыга
Артка
WhatsApp_Image_2025-01-24_at__84urkVU.max-1920x1080.format-webp.webp
852031709180880_big.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon www

Бишкек, 11.03.25. /Кабар/. Талас, Нарын, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарына бардык курулуш материалдары Бишкектен ташылып баргандыктан, ипотекалык үйлөрдөгү батирлердин чарчы метри 700 доллардан бааланып, курулууда. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев фейсбуктагы түз эфирде билдирди.

Анын айтымында, Чүй облусу менен Бишкек шаары боюнча курулуш материалдары ушул жерден эле алынганына байланыштуу батирдин 1 кв. метри бардык шарттары менен 650 доллардан баштап бааланган.

“Кыргызстройсервис” мамлекеттик ишканасы жана куруп жаткан 3 компания бүгүнкү күндө материалдарды жеткирүү боюнча жол кире акысын кошуп, 700 доллардан деген баа коюлган. Себеби, бул аймактарга арматура жана башка курулуш материалдарын Бишкектен ташып барышат. Ошол үчүн бул аймактарда бир чарчы метри 50 долларга кымбатыраак”, - деди Каныбек Туманбаев.