Кант шаарында каза болгон окуучунун ишин ички иштер министри өз көзөмөлүнө алды - Орунбеков

Кырсык Загрузка... 27 Январь 2025
475175884_9081931868553840_7782229737675190984_n.jpg
copyright icon www

Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Чүй облусунун Кант шаарында капыстан каза болгон окуучунун ишин ички иштер министри Улан Ниязбеков өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу президенттик администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, 2025-жылдын 22-январь күнү мектеп окуучуларынын ортосундагы жөнөкөй оозеки чыр-чатак, адам өлүмү менен аяктаган.

"№ 3 мектептин 10-классынын окуучусу Р.А. менен 2008-жылы туулган Ч.Д. аттуу баланын ортосунда чыккан чырдын натыйжасында Ч.Д. оор жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилген. Тилекке каршы, Ч.Д. дарыгерлердин бардык аракеттерине карабастан, эсине келбей каза болгон.

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалды. Тергөөнүн жүрүшү ички иштер министри Улан Ниязбековдун жеке көзөмөлүндө турат. Бул иш боюнча мыйзам чегинде бардык чаралар көрүлүп, адилеттүү чечим кабыл алынат",-деп жазган Орунбеков.