Камсыздандырылган бейтапка кандай медициналык кызматтар көрсөтүлөт?

Ден соолук Жүктөлүүдө... 05 Август 2026 17:55
e8fb488a-823f-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90 (1).webp
copyright icon www

Бишкек, 05.08.26. /Кабар/. Дарыгердин жолдомосу менен пландуу түрдө ооруканага жаткырылган жана белгиленген кошумча төлөмдү төлөгөн камсыздандырылган жарандарга Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык медициналык кызматтар кошумча акы алынбастан толук көлөмдө көрсөтүлүүгө тийиш. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.

Аталган фонд пландуу ооруканага жаткыруунун алкагында бейтапка көрсөтүлө турган медициналык кызматтарды тизмектеди.

  • медициналык көрсөткүчтөргө ылайык дарылоо;
  • диагностикалык жана дарылоо процедуралары;
  • медициналык көрсөткүчтөрү бар болсо ыкчам кийлигишүү;
  • эгерде операция зарыл болгон учурда анестезия (наркоз) жүргүзүү;
  • дарылоо мезгилинде зарыл болгон жана жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын тизмесине кирген дары-дармек каражаттары.
“Эгерде дарылануу учурунда бейтаптан кошумча акы төлөө талап кылынса, медициналык уюм төмөнкү маселелер боюнча түшүндүрмө берүүгө, атап айтканда кайсы конкреттүү медициналык кызматтар үчүн кошумча акы талап кылынары жана бул кызматтар Мамлекеттик кепилдиктер программасына кирер-кирбесин тактап айтып берүүгө милдеттүү. Бардык расмий төлөмдөр медициналык уюмдун кассасы аркылуу гана жүргүзүлүп, төлөмдү ырастоочу документ (кассалык чек же квитанция) милдеттүү түрдө берилүүгө тийиш”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бейтаптар акча каражаттарын медициналык уюмдардын кызматкерлеринин жеке банктык эсептерине, Мбанк тиркемесине же башка электрондук капчыктарына которбошу керектигине өзгөчө көңүл бурууларын баса белгилейт.

“Эгерде сизде төлөмдүн мыйзамдуулугу боюнча суроолор же күмөн саноолор пайда болсо, же укуктарыңыз бузулду деп эсептесеңиз, биринчи кезекте стационардын бөлүм башчысына же администрациясына кайрылыңыз. Ошондой эле сиз фонддун күнү-түнү иштеген 113 кыска номерине чалып, кеңеш алып, жаралган кырдаалдар тууралуу кабарласаңыз болот”, - деп кошумчалашты мекемеден.