Камчыбек Ташиев патрулдук милиция кызматкерлерине акчалай сыйлык тапшырды

Коом 2035 26 Апрель 2025 16:30
FB_IMG_1745664200415.jpg
FB_IMG_1745664198648.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1745664200415.jpg
FB_IMG_1745664198648.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 26.04.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлерин сыйлады. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Бүгүн ал кызматкерлердин иши менен таанышып, кызматтык нускамалардын сакталышын жана жарандар менен өз ара аракеттенүүсүн текшерип, мыйзамдуулукту сактоо жана калктын коопсуздугун камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Ар бир мамлекеттик кызматкер, ар бир саатын өз мекенине кызмат кылууга арнап, Кыргызстан үчүн жан дили менен иштөөгө милдеттүү", - деди Ташиев.

Соңунда атайын кызматтын башчысы патрулдук милициянын 5 кызматкерине акчалай сыйлыктарды тапшырды.