Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. "Кадастр" мамлекеттик мекемеси эми мүлктү кайра каттоо үчүн салыктык карыздар боюнча маалымкатты талап кылбай иштей баштады.
Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, автоматташтырылган системаны ишке киргизүүнүн биринчи күнүндө "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Бишкектеги филиалында 300дөн ашык адам салыктык карызынын жоктугу тууралуу маалымкатты көрсөтпөстөн кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү тариздей алышты.
"Салык сервис" мамлекеттик мекемеси мамлекеттик органдардын маалымат алмашуу системасын иштеп чыгып, жарандарга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын бөлүмдөрүндө мүлктү кайра каттоону жеңилдетти. 2025-жылдын 24-февралында система биринчи жолу ишке киргизилип, эч кандай мүчүлүштүксүз иштеди.
Эми кадастр системасы эгерде салык органдарында карызы жок болсо, бул маалыматты автоматтык түрдө көрүп, мүлктү каттоого алууну баштайт.
Кантип карыздын бар же жок экендигин текшерүүгө болот?
Жарандарга салыктык карызынын бар же жок экендигин алгач онлайн түрдө текшерүү сунушталат:
- Salyk.kg мобилдик тиркемеси аркылуу;
- https://cabinet.salyk.kg/ сайтындагы жеке кабинетиңиз аркылуу;
- Tunduk тиркемеси аркылуу.
Карызды кантип төлөөгө болот?
Эгерде салык боюнча карызыңыз болсо, аны төмөнкү жолдор менен төлөсөңүз болот:
- түздөн-түз Salyk.kg мобилдик тиркемеси аркылуу;
- жеке кабинетиңиздеги QR-код аркылуу;
- эгерде жеке кабинетиңизге кирүү мүмкүнчүлүгүңүз жок болсо, тынчсыздануунун кереги жок, кайра каттоо боюнча адис сизге QR-код бере алат, аны колдонуп, каалаган электрондук капчыктан төлөй аласыз.
Электрондук капчыгы жок жарандар үчүн банктардын кассалары аркылуу салттуу төлөө ыкмалары дагы деле жеткиликтүү.