Бишкек, 15.10.25. /Кабар/. Италиянын Йезоло шаарында өткөн ITF таэквондо боюнча XXIII дүйнө чемпионатында 5 коло медалга ээ болгон Кыргызстандын курама командасы Бишкекке келди.
Мэриядан билдиришкендей, аларды “Манас” эл аралык аэропортунда Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти, С. Жуманазаров атындагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектеби, Кыргызстандагы ITF таэквондо федерациясы жана спортчулардын ата-энелери салтанаттуу иш-чара уюштуруу менен тосуп алышты.
Белгилүү болгондой, дүйнө чемпиондугу ушул жылдын 3-13-октябрында Италиянын Йезоло шаарында өтүп, 70 өлкөдөн келген 1 миң 200дөн ашуун спортчуларды бириктирди. Кыргызстандын курама командасы өлкө намысын татыктуу коргоп, жалпы беш коло медаль утуп келди.
ITF таэквондо боюнча дүйнө чемпионатынын байге ээлери:
- Майрамбеков Актан — 3-орун, спарринг 18–34 жаш, 58 кг чейин;
- Жолдошева Айдана — 3-орун, спарринг 16–17 жаш, 58 кг чейин;
- Азамат уулу Тимур — 3-орун, спарринг 18–34 жаш, 52 кг чейин;
- Командалык спарринг (юниорлор 14–15 жаш): Туйчиев Багдат, Таранчиев Тимур, Сабанов Артур, Турсуналиев Акбар, Карашев Кудайназар, Азаматов Умар;
- Командалык спарринг (юниорлор 16–17 жаш): Михманов Имран, Келдибеков Омар, Дайстроков Рамиз, Жайлообеков Даниэль, Качкынбеков Шамиль, Апышов Максат.
Жуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары да ийгиликтерге жетишти:
- Туйчиев Багдат — 3-орун;
- Михманов Имран — 3-орун.
Ошондой эле Атайбек Абдылдаев дагы мектептин намысын дүйнөлүк деңгээлде татыктуу коргогондугу кошумчаланды.