Ишкердикти өнүктүрүү фонду 8 пайыз менен жеңилдетилген насыя бере баштады

Экономика Загрузка... 25 Июнь 2025 11:10
eefdd92bf539010524906327c93e91de.730x0.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 25.06.25. /Кабар/. "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" ААК жылдык 8 пайыз менен жеңилдетилген насыя бере баштады.

Фонддон билдиришкендей, учурда насыя алууну каалаган чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүнүн арыздары кабыл алынууда.

Белгиленгендей, каржылоо өндүрүш, кайра иштетүү жана кызмат көрсөтүү тармагында ишмердүүлүк жүргүзгөн ишкерлер үчүн жеткиликтүү болот. Жеңилдетилген насыя түрүндө бериле турган 500 млн сом Финансы министрлиги тарабынан фондго уставдык капитал катары берилген.

Насыялар 5 жылга чейинки мөөнөткө, 5 млн сомго чейинки суммада берилет.

Толук маалымат жана кеңеш алуу, насыя боюнча кайрылуу үчүн өлкө боюнча фонддун 13 филиалынын бирине кайрылса болот.

Ишкердикти өнүктүрүү фонду ишкерлерди кеңеш алууга жана өз ишин өнүктүрүүгө жеткиликтүү каржылоону пайдаланууга чакырат.