Иран Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын чечилишин колдойт

Саясат Загрузка... 14 Март 2025 19:55
4c3k5b1d36ea5429frx_800C450.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 14.03.25. /Кабар/. Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Кыргызстан менен Тажикстандын президенттеринин эки өлкөнүн ортосундагы чек ара талаш-тартыштарын жөнгө салуу боюнча макулдашууга кол коюлганын кубаттады.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү тараптарды куттуктап, бул келишимди түзүүдөгү ийгиликти аймакта тынчтыкты жана туруктуулукту орнотуу жолундагы маанилүү кадам катары сыпаттады жана аны өз ара урматтоону жана пайданы сыйлоо жана камсыз кылуу менен мамлекеттер ортосундагы талаш-тартыштарды чечүүдөгү дипломатиянын натыйжалуулугун ырастоо катары баалады.