Инвестициялык бизнес форум: 150 млн АКШ долларлык келишимдерге кол коюлду

ШКУ 1758 25 Июнь 2026 09:25
728951554_1312966791025236_6620461216422919793_n.jpg
730558793_1312966944358554_2720491925239017414_n.jpg
729099753_1312966877691894_3691247310155453095_n.jpg
729517948_1312966744358574_4994013448426931086_n.jpg
729451825_1312966824358566_7247656646798876841_n.jpg
728234871_1312966781025237_8629990560093298928_n.jpg
730382001_1312966994358549_3646316332241815075_n.jpg
729161210_1312966984358550_4912129977821193577_n.jpg
728213354_1312966727691909_865951684529944690_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 25.06.26. /Бишкек/. Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин ортосундагы инвестициялык жана ишкердик кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык бизнес форум өз ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, форум мамлекеттик органдардын, бизнес коомчулуктун, инвестициялык фонддордун, өнүктүрүү институттарынын, технологиялык компаниялардын жана ишкерлердин өкүлдөрүн бир аянтчага чогултту. Катышуучулар түз диалог жүргүзүп, тажрыйба алмашып, жаңы өнөктөштүк мүмкүнчүлүктөрүн аныкташты.

Агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Бишкекте өткөн алгачкы Инвестициялык бизнес форумдун маанилүүлүгүн белгилеп, мындай аянтчалар диалогдон конкреттүү долбоорлорго өтүүгө шарт түзөрүн айтты.

“Бүгүнкү форум ишкердик коомчулук үчүн тажрыйба алмашууга, жаңы өнөктөштүктөрдү түзүүгө жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулоого маанилүү аянтча болду. Бишкекте өткөн ШКУнун инвестициялык бизнес форуму өлкөлөр ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоого жана инвестициялык кызматташууну кеңейтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты”, - деп белгиледи Равшанбек Сабиров.

Форумдун жыйынтыгы боюнча ШКУга мүчө мамлекеттердин расмий өкүлдөрүнүн катышуусунда биргелешкен резолюцияга кол коюлду. Документ уюмдун алкагында инвестициялык форумдарды жана ишкердик иш-чараларды жыл сайын өткөрүү тажрыйбасын мындан ары өнүктүрүүнү бекемдейт.

Иш-чаранын жүрүшүндө жалпы суммасы 150 млн АКШ долларын түзгөн 12 инвестициялык жана соода келишимине кол коюлду. Алардын катарында меморандумдар жана макулдашуулар бар.

Белгилей кетсек, инвестициялык бизнес форумдун алкагында бүгүн, 25-июнда “Жаштык Аренада” ШКУ өлкөлөрүнүн өнөр жай-инвестициялык кызматташтык көргөзмөсү өтөт.