Интернетте жалган жалаа үчүн айып салуу боюнча мыйзам бүгүнтөн тарта күчүнө кирди

Коом Загрузка... 10 Февраль 2025 13:01
WhatsApp Image 2025-02-10 at 12.07.00.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.02.25. / Кабар/. Кыргызстанда интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салуу каралган мыйзам бүгүнтөн тарта күчүнө кирди. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков билдирди.

Ал белгилегендей, КР Укук бузуулар боюнча кодексине 107-1 беренеси кошулду. Эми жалпыга маалымдоо каражаттарынын, интернет тармагында, адамдын кадыр-баркын кемсинтип, мазактап, жалаа-жабып, жаманатты кыла турган маалыматтарды атайын таратуу үчүн жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.

“Эми жарандарыбыз ушундай жагдайларга туш болушса, укук коргоо органдарына кайрылышса болот”,-деди ал.

Анын айтымында, бул мыйзам дүйнөнүн 90% өлкөсүндө буга чейин эле колдонулуп келген.

“ Интернет жок кезде эле мыйзам Италия, Германия, Россия сыяктуу өлкөлөрдө болуп келген. Тилекке каршы, бизге эми кирип жатат”,-деди ал.

Эске салсак, 2024-жылдын декабрь айында Жогорку Кеңеш социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында мазактоо жана жалаа үчүн айып салууга жол берген мыйзам долбоорун кабыл алган. Документте мыйзам бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилип, анда Ички иштер министрлигине интернетте мазактоо жана жалаа жабуу фактыларына мониторинг жүргүзүү жана тартип бузгандарга айып пул салуу боюнча протоколдорду толтуруу ыйгарым укуктары берилген.