Бишкек, 12.11.26. /Кабар/. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, президенттин кеңешчиси Марат Иманкулов улуттар аралык чагымчыл аракеттерге катуу жана ыкчам чара көрүү зарылдыгын белгиледи. Бул тууралуу ал "Кабар" агенттигине берген комментарийинде айтты.
Анын айтымында, мындай аракеттер Кыргызстанды алсыратууну көздөйт. Ал мамлекет башчысы олуттуу эскертүү жасаганын айтып, өлкөнүн бардык жарандары бул билдирүүгө көңүл бурушу керектигин билдирди.
"Эгер президент ушундай билдирүү жасаса, демек, анын колунда жөн гана маалымат эмес, атайын кызматтар жана күч түзүмдөрү тарабынан тастыкталган так маалыматтар бар. Бул, биринчи кезекте, улуттар аралык чагымчылдыкты уюштурууга даярданып жаткан же ага катышууну көздөгөн адамдарга берилген олуттуу эскертүү.
Мен офицер катары мындай чыр-чатактар кандай кесепеттерге алып келерин жакшы билем. 1990-жылы жана 2010-жылы ушундай жаңжалдардан кийин кырдаалды жөнгө салууга түздөн-түз катышкам. Мындай чагымчыл аракеттердин бардык кесепетин карапайым адамдар тартат, эң көп ошолор жабыркайт. Бул жеңүүчүсү болбогон жарандык согушка барабар. Ошондуктан мамлекет жана президентибиз алдын алуу чараларын көрүп жатат. Кеч боло электе кызуу кандуу адамдарды токтотуу зарыл", – деди ал.
Марат Иманкулов бул жерде сөз Кыргызстандын президенттик шайлоосун үзгүлтүккө учуратуу ниети жөнүндө гана болуп жатпаганына көңүл бурду. Анын пикиринде, бул – Борбор Азия аймагын өнүгүү жолунан тайдыруу жана ири инфраструктуралык долбоорлорго зыян келтирүү аракети.
"Бул планды иштеп чыккандар эл аралык экстремисттик-террордук жана башка уюмдардын колдоосуна таянып жатышы мүмкүн. Мен бул күчтөрдүн баары, анын ичинде тышкы оюнчулар да аныкталып, алардын көмөкчүлөрү мыйзамдын бардык катаалдыгы менен жазаланарына шектенбейм", – деп белгиледи ал.
Анын айтымында, учурда Кыргызстанда заманбап техника жана курал-жарак менен жабдылган күч түзүмдөрү бар. Мындан тышкары, өлкө Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) жана Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) аркылуу коңшу мамлекеттер менен тыгыз кызматташып келет.
"Мындай чагымчыл аракеттер болгон учурда жооп дароо берилет. Ага коңшу мамлекеттер да катышат", – деди Иманкулов.
Ал жарандарды да сак болууга чакырды. Анын белгилешинче, чагымчылар ар дайым карапайым адамдарды бири-бирине каршы коюуга аракет кылышат. Ошондуктан өлкө жарандары жана коңшу мамлекеттердин тургундары президенттин билдирүүсүнө көңүл бурушу керек.
"Азыр биз өтө сак болушубуз керек. Саясий оюндардын жакшылык менен аяктабай турганын баарыбыз түшүнүшүбүз зарыл. Өлкөбүздү ынтымакта өнүктүрүшүбүз керек", – деп сөзүн жыйынтыктады Иманкулов.