Бишкек, 02.02.25. /Кабар/. Опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча тергөө жүрүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иштин катышуучуларынын бири Фемида өкүлү.
ИИМне жаран кызмат адамына карата мыйзамга ылайык чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган, ал ишти сотто кароого байланыштуу маселени чечүү үчүн 1 миң доллар опузалап пара талап кылып жатканын билдирген. Арыз ээсинин айтымында, ал буга чейин бир нече ондогон миң сом акча каражатын алган.
2024-жылдын ноябрь айында ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап пара талап кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө бул мыйзамсыз аракетке райондук соттордун биринин судьясынын катыштыгы бар экендиги аныкталган.
Тергөөнүн жүрүшүндө пара түрүндө акча алуу фактылары катталган.
ИИМдин кызматкерлери пара алууга ортомчул болгон эки жаранды кармашып, алардан мурда атайын белгиленген акча каражаттары табылып, алынган.
Судьяга карата иштин ичинен бөлүнүп алынган материалдар боюнча Башкы прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин "Пара талап кылуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштерин улантуу үчүн ИИМдин Тергөө кызматына тапшырган.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.