Бишкек, 14.11.2024. / Кабар /. Кыргызстандын экономикасынын өнүгүү темпи таасирдүү натыйжаларды көрсөтүүдө. Бүгүн, 14-ноябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште келечектеги бюджеттин долбоорун сунуштап, депутаттарга учурдагы жетишкендиктер тууралуу айтып берди. Өкмөт бүгүн ишеним менен оптимизмди көрсөтүп турат. Ушундан эле, өлкө туруктуу өсүү жана өнүгүү жолунда экен деген так жыйынтык чыгарса болот.
Албетте, мунун баары учурдагы бийликтин, президенттин жана анын командасынын жетишкендиктери экени талашсыз. Президент өлкөнүн өнүгүү стратегиясын эң туура багытка салгандыгы, аны башкаруусу жана пландаштыруусу бүгүнкү Акылбек Жапаров келтирген сандар ачык далилдеп турат .
Бардык жерде жаңы ишканалар ачылып, өкмөт өндүрүш ишканаларын аймактарда жайгаштырууга аракет кылып жатканы абдан маанилүү. 2024-жылы өлкөдө 150дөн ашык завод жана фабрикалар, ондогон ГЭСтер ишке киргизилип, реалдуу секторду өнүктүрүүгө жумшалган инвестиция 2 миллиард доллардан ашты.
“2023-жылы өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмү 482,8 миллиард сомду түзсө, 2024-жылы 690 миллиард сомго жетет. Негизги жетишкендиктерге кыскача токтоло турган болсок, анда Кыргызстанда биринчи жолу унаалар чыгарылып, стандарттуу алтын куймалары жана цемент өндүрүшү жолго салынып, дары-дармектердин жаңы түрлөрү чыгарыла баштады”, - дейт Акылбек Жапаров.
Экономиканын кайра жанданышы бир нече жылдан бери Кыргызстандын өнүгүүсүнүн негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнүн оң жагында болгондугу менен баалоого болот. Мындан тышкары, жыл өткөн сайын отчеттук мезгилдин жыйынтыгы мурдагы көрсөткүчтөрдөн бир топ жакшыраак болуп жатканы тенденция болуп саналат.
“2024-жылдын 10 айынын көрсөткүчү боюнча Кумтөрдү эсептебегенде өсүш 9,6%, ал эми жалпы өсүш 10,8%ды түздү. Жайында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш мырза келгенде, Кыргызстан мурда “уктап жаткан сулуу” болсо, азыр “ашыккан күлүккө ” айланды деп бекеринен айткан эмес. Жылдын аягында ИДП божомол боюнча 9,2% өсөт деп ишенебиз. 2023-жылы биздин экономика 1,3 триллион сомду түзгөн тарыхый чектен ашты, быйыл 1,5 триллион сомдун чегинен чыгабыз», - деди Акылбек Жапаров.
Камбар-Ата 1 ГЭСин куруу долбоору Дүйнөлүк банк тарабынан колдоого алынган. Эсептөөлөр көрсөткөндөй, долбоордун баасы болжолдонгон суммадан төмөн болот. Бул ГЭС келечекте күтүлүп жаткан экологиялык суу кризистеринин шартында Борбордук Азияда сууну эффективдүү башкаруунун маанилүү куралы болуп калат.
Урматтуу депутаттар, белгилеп кетейин: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолуна жана Камбар-Ата 1 ГЭСине алгачкы каражатты таап, техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгууга миллиарддаган каражат бөлгөнүбүз, дүйнөлүк каржы институттарына жана башка мамлекеттерге Кыргызстан ири долбоорлорду каржылоого жөндөмдүү жана аларды ишке ашырууга эрки бар экенин далилдеп турат. Ошондуктан, Камбар-Ата1ди куруу боюнча өнөктөштөрүбүз пайда болду”, - деди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.
Кыргызстанда келечектеги ондогон жылдар бою өнүгүүнү камсыз кылууга жөндөмдүү бар ресурстарга жана жаратылыш байлыктарына болгон мамиле түп-тамырынан бери өзгөрүүдө. Эл аралык алдамчылык схема менен иштеп келген Кумтөрдү эстегилечи. Бул стратегиялык кенди улутташтыруу боюнча саясий чечим кабыл алынганга чейин, өлкөдөн тонналаган алтын, он миллиондогон долларлар сыртка чыгып кеткен.
“Тоо кен тармагында президентибиз Садыр Жапаровдун көрөгөчтүгүнүн жана саясий эркинин аркасында революциялык эмес, эволюциялык окуялар болду – 30 жылдан бери биринчи жолу иш жүзүндө Кыргыз мамлекетинин экономикалык, улуттук жана экологиялык кызыкчылыктары корголду. 27 жылда 400 тонна алтын өндүрүп, бирок болгону Кумтөрдөн 100 млн доллар дивиденд алсак, азыр 2,5 жылда 38 тонна алтын өндүрүп – 291 млн долл дивиденд алдык, ал эми салыктык ж.б. төлөмдөрдөн бюджетке 3 жылда 990 миллион доллар түштү,” – деди Акылбек Жапаров.
Өлкө тарыхында биринчи жолу геологиялык изилдөөлөргө миллиард сом бөлүнгөнүн, ал эми тоо-кен ишканалары өлкөгө 3 жылда 111 миллиард сом киреше алып келгенин кошумчалады. “2030-жылга чейинки келечекте, дүйнөдө “критикалык минералдар” деген термин пайда болду. Ал эми Кыргызстандын аймагында ата мекендик геологдор тарабынан 5000ден ашык пайдалуу кендер ачылган, баскан жерибиз азырынча адамдын колу тие элек байлык, жер астындагы кендерибиздин геологиялык-экономикалык потенциалы – жүздөгөн млрд долларлык байлыктар”, – деп баса белгиледи өкмөт башчы.
Экономика жана салык чөйрөсүндөгү реформалар акыркы жылдары бюджеттин потенциалын олуттуу жогорулатууга мүмкүндүк берди, анын кирешеси 2,5 эсеге өстү. Бул өлкө жетекчилигине социалдык чөйрөнү каржылоону көбөйтүүгө, ипотекалык турак жайлардан кичи райондорун, ооруканаларды, мектептерди курууга, пенсия, жөлөк пулдарды жана бюджеттик кызматкерлердин айлыктарын көтөрүүгө мүмкүндүк берди.
Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров белгилегендей, экономиканы өнүктүрүүдөгү ийгилик башкаруу чечимдеринин натыйжалуулугу менен аныкталат. Биз көрүп жаткан позитивдүү өзгөрүүлөрдүн сыры мына ушунда.
«Жетекчиликтин чебер иш-аракеттеринин аркасында Кыргызстандын экономикалык абалы жакшырып, азыр бардык негизги көрсөткүчтөр жогорулоодо. Туура тандалган стратегиянын жана колдонулган куралдардын аркасында оң натыйжага жетишилди. Бул өзгөрүүлөрдүн баары 2020-жылы башталганы эч кимге жашыруун эмес.
Көмүскө акча жүгүртүү азайып, коррупцияга каршы күрөш өз натыйжасын берип, мамлекеттик долбоорлорду жана программаларды каржылоо мүмкүнчүлүктөрү пайда болду. Эң негизгиси бул ресурстар туура пайдаланылып, керектүү тармакка багытталды. Өзгөрүүлөр мамлекеттин ичинде гана болгон жок, Кыргызстан сыртта дагы абройу өсүп, ишенимдүү өнөктөш экенин далилдеди. Ошондуктан өлкөгө олуттуу инвестициялар келди жана келүүдө», - дейт эксперт.
Буга кошумчалай турган нерсе, экономикалык чөйрөдөгү жылыштарды Кыргызстандын жашоочуларынын 72% пайызы белгилешет. Бул биздин өлкөдө чет элдик коомдук пикир институту жүргүзгөн изилдөөнүн натыйжасында алынган ишеним индексинин көрсөткүчү. Башкача айтканда, калктын басымдуу бөлүгүндө келечекке ишеним бар десек болот. Башкача айтканда, жарандар бүгүнкү өкмөттүн сергек оптимизмин колдошот деген ишеним бар.