Бишкек, 04.02.25. /Кабар/. IX кышкы Азия оюндарынын расмий ачылышы Кытайдын Харбин шаарында 7-февралда өтөт. Бул күндү утурлай күн мурун IX кышкы Азия оюндарынын отунун эстафетасы 120 факелчинин катышуусунда уюштурулду. Эстафета 11 чакырымга созулуп, Харбиндин тарыхый кварталдарынан тартып Сунхуацзян дарыясына чейинки аралыкты басып өттү.
Ушул эле күнү Азиаданын хоккей боюнча турнири башталды.
Синьхуа маалымдагандай, оюндарга Азиянын 32 өлкөсүнөн жалпысынан 1147 спортчу катышат. Анда спорттун 10дон ашык түрү боюнча өтө турган мелдештерде 196 медалдардын топтому ойнотулат.
Кыргызстандын атынан хоккей, биатлон, слалом, кёрлинг жана көркөм муз тебүү боюнча 53төн ашык спортчу катышат.
Белгилей кетсек, кышкы Азия оюндары 7-14-февраль күндөрү Кытайдын Харбин шаарында өтөт. Харбинде 1996-жылы III кышкы Азия оюндары да болгон.