Кыргыз-кытай кызматташтыгы. Глобалдык коогалаңдуу кырдаалда ишенимдүү өнөктөштөрдүн болушу маанилүү - саясат таануучу

Пикир Загрузка... 06 Февраль 2025 16:25
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Султан Досалиев
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Бишкек, 06.02.25. /Кабар/. Саясат таануучу Бакытбек Жумагулов “Кабар” маалымат агенттигине берген комментарийинде Кытайга болгон мамлекеттик сапардын алкагында жетишилген макулдашуулардын маанилүүлүгүн белгиледи.

Анын айтымында, Садыр Жапаров менен Си Цзиньпин өз ара аракеттенүүнүн жана аймактарды өнүктүрүүнүн жаңы деңгээлин орнотуу үчүн негиздерди бекемдешти.

«Дүйнөнүн динамикалуу өзгөрүп жатканы жана геосаясий туруксуздуктун шарттарында ишенимдүү өнөктөштөрдүн болушу абдан маанилүү. Кытай аймактык стабилдүүлүктү сактоодо турукташтыруучу ролду ойноп, экономикалык жана технологиялык өнүгүүдө лидер болуп саналган, эл аралык аренадагы негизги фигуралардын бири.

Президент Садыр Жапаровдун Пекинге болгон мамлекеттик иш сапары Кыргызстандын гана эмес, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өнүгүүсүнө шарт түзгөн олуттуу кадам. Ал эми, ШКУдагы өз ара аракеттенүү жөнүндө сөз кыла турган болсок, коопсуздуктун маанилүү фактору болуп саналат.

Маанилүү жана эң ири долбоор – Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу салына баштады. Бул магистраль бүткүл Евразияда маанилүү транспорттук кан тамыры сыяктуу, континенттин ар кайсы бөлүктөрүн эң кыска жол менен бириктирет. Бул чынында өнүгүүнүн артериясы болуп, ондогон өлкөлөрдүн өндүрүштүк эмес жана соода потенциалын толук ачып берүүгө мүмкүндүк берет.

Садыр Жапаров менен Си Цзиньпин биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты стратегиялык жана ар тараптуу өнөктөштүктү мындан да жогорку деңгээлине алып чыгышты. Кытай биздин жакын кошунабыз болгондуктан, Кыргызстандын негизги инвесторлорунун бири болуп саналат. Айыл чарбасы, өнөр жай же энергетика болобу, ар кандай тармактардагы демилгелерди колдойт.

Биргелешкен ишенимдүү кадамдар жасалып жаткан инфраструктуралык өнүктүрүүнү өзүнчө белгилей кетүү керек. Мына ушундай колдоонун аркасында Кыргызстанда түндүк-түштүк жаңы жолу курулуп, быйыл жазында ишке берилет. Учурда биз 10%дан бир аз көбүрөөк деңгээлде гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөрүбүздү пайдаланып жатабыз. Келечекте бул тармакты дагы өнүктүрөбүз деген чоң ишеним бар.

Эки тарапты кызыктырган бардык тармактарда өз ара түшүнүү, консенсус бар, мамилелер макулдашылып, меморандумдарга кол коюлууда.

Кыргыздарда «Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык» деген макал бар. Андыктан коңшу мамлекеттер, элдердин ортосундагы мамилени чыңдоо маанилүү жана зарыл. Кыргызстандын президентинин Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында мына ушундай мамилелердин негиздери түптөлүп жатат», - деп белгилейт Бакытбек Жумагулов