Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын Эсептөө палатасынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүүдө.
Алгач Эсептөө палатасынын түзүлүү тарыхы, калыптанышы жана өнүгүүсү тууралуу видеотасма көрсөтүлүп, андан соң министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев сөз сүйлөдү.
Минкаб төрагасы Эсептөө палатасынын кызматкерлерин 30 жылдыгы менен куттуктап, президент Садыр Жапаровдун атынан мекеменин 30 жылдыгына арналган куттуктоо сөзүн жана билдирүүсүн окуп берди.
Иш-чаранын жүрүшүндө Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов сөз сүйлөп, мекеменин басып өткөн жолу жана ишмердүүлүгүнө токтолду.
30 жылдык салтанатка Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков, Эсептөө палатасынын мурдагы төрагасы Дамир Өскөмбаев катышууда.
Мааракелик иш-чарага катышкан Азербайжан, Түркия, Беларусь, Грузия, Казакстан, Россия, Польша жана Монголиянын жогорку аудит органдарынын өкүлдөрү Эсептөө палатасын 30 жылдыгы менен куттукташып, мекеменин ишмердүүлүгүнүн маанисине токтолушту.