Эсептөө палатасынын башкы инспектору 5 миң доллар пара менен кармалды

Укук тартиби Загрузка... 01 Февраль 2025 21:46
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 01.02.25. /Кабар/. КР Эсеп палатасынын башкы мамлекеттик инспектору 5 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат мамлекеттик органдардагы коррупциялык багыттагы кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин жүрүшүндө бүгүн буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында 5 миң доллар өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча Эсептөө палатасынын Т.А.А. аттуу инспектору көрсөтүлгөн сумманы алуу учурунда кармалды.

Тактап айтканда, 2024-жылдын 6-декабрынан азыркы учурга чейинки мезгилде Эсептөө палатасынын инспекторлору тарабынан Ош шаарынын мэриясынын бөлүмдөрүнүн финансы-чарбалык ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүлдү.

Мындан улам, КР Эсептөө палатасынын инспекторлор тобунун жетекчиси Т.А.А. Ош шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн биринде текшерүүнүн мөөнөтүн негизсиз создуктуруп, укукка каршы иш-аракеттер аркылуу, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча оң чечим чыгаруу максатында 5 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылган.

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.