Бишкек, 04.02.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Чечейбаев Эркин Маратович саламаттык сактоо министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды.
Саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Эркин Чечейбаевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Эскерте кетсек, Чечейбаев саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары болгон.