Кыргызстанда жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча 197 агенттик бар

Коом Загрузка... 14 Апрель 2025 13:00
WhatsApp Image 2025-04-14 at 14.26.04.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 4.04.25. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстанда чет өлкөдө жумушка орноштуруу боюнча канча агенттик иштей турганын айтып берди.

Жарандарды ишке орноштуруу жана мигранттардын укуктарын коргоо башкармалыгынын башчысы Арслан Байсопуевдин айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 197 агенттик ишмердүүлүк жүргүзүп келет.

"Тилекке каршы азыркы учурда онлайн иштеген чет элдик агенттиктер абдан көп. Андан тышкары, бизден уруксат кагаз албай мыйзамсыз иштегендер дагы бар. Бүгүнкү күндө карапайым жарандарды ар кандай жолдор менен алдаган шылуундар көбөйдү", - деди ал.