Бишкек, 07.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын элчи Аида Исмаилова Кореянын Ханам шаарынын мэри Ли Хёнджэ менен жолугушту.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташуунун келечегин талкуулап, өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттары боюнча пикир алмашты.
Элчи аталган шаардын жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын, айрыкча туруктуу өнүгүү жана санариптик билим берүү жаатында жетишилген ийгиликтерин белгиледи. Кыргыз тарабы аймактар аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө, анын ичинде Кыргызстан менен Ханам шаарынын ортосунда боордоштук байланыштарды түзүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушуунун алкагында боордош шаарлар боюнча келишимдерди түзүү, экономикалык өз ара аракеттенүү, анын ичинде соода, инвестициялар жана биргелешкен ишканаларды ачуу, ошондой эле туристтик алмашууларды илгерилетүү маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, элчи маданий байланыштарды чыңдоонун алкагында эки элдин ортосундагы достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн символу боло турган Ханам шаарына улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигин орнотуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Тараптар Кыргызстан менен Ханам шаарынын ортосундагы диалог эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө өбөлгө түзүп, өз ара пайдалуу натыйжаларды алып келерине ишеним билдиришти.