Бишкек, 17.03.25. /Кабар/. Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Азия токой кызматташтык уюмунун (AFOCO) аткаруучу директору Чонгхо Парк менен жолукту.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар AFOCO уюмунун Кыргызстанда айыл жана токой чарбасынын туруктуу өнүгүүсүнө багытталган агротокойчулук боюнча учурдагы долбоорлорун талкуулашты. Өзгөчө көңүл биргелешип ишке ашырылып жаткан бак-дарактарды отургузуу, фермерлерди колдоо жана шаарларды жашылдандыруу демилгелерине бурулду.
Элчи Аида Исмаилова AFOCO уюмунун Кыргызстанда экологиялык туруктуулукту камсыздоого, шаарларды жашылдандырууга жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга кошкон маанилүү салымын баса белгиледи. Ошондой эле тараптар Бишкек шаарында AFOCO уюмунун өкүлчүлүгүнүн ачылышы мындан ары жемиштүү кызматташтыкты тереңдетүүгө жаңы дем берерин белгилешти.
Аткаруучу директор Чонгхо Парк кыргыз тарапка көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, AFOCO уюму Кыргызстанда жаңы жана келечектүү долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин ырастады.