Эл өкүлдөрү ӨКМдин ишмердүүлүгү менен таанышууда

Коом 871 28 Февраль 2025 11:29
481233430_1036075491898510_4197199668202844807_n.jpg
480722068_1036075448565181_398027641875553234_n.jpg
481206166_1036075401898519_2903953777663568361_n.jpg
481056298_1036075341898525_4416612795898902623_n.jpg
480966324_1036075271898532_9187440528679814654_n.jpg
481672442_1036075221898537_4912722496813288493_n.jpg
480955114_1036075135231879_5323721459680071058_n.jpg
Алдыга
Артка
481233430_1036075491898510_4197199668202844807_n.jpg
480722068_1036075448565181_398027641875553234_n.jpg
481206166_1036075401898519_2903953777663568361_n.jpg
481056298_1036075341898525_4416612795898902623_n.jpg
480966324_1036075271898532_9187440528679814654_n.jpg
481672442_1036075221898537_4912722496813288493_n.jpg
480955114_1036075135231879_5323721459680071058_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 27.02.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишмердүүлүгү менен таанышууда.

Министрликтен билдиришкендей, эл өкүлдөрү ӨКМдин Кризисттик кырдаалдарда башкаруу борборунун негизги функционалдык милдеттери жана техникалык шарттары менен таанышууда.

Эл өкүлдөрүнөн турган делегатты Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев баштаган жетекчилер тосуп алды.

Министр алгач мекеменин алдыга койгон негизги приеттүү багыттары, дүйнөлүк кризисттик шартта өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана ыкчам таасир этүү аракеттери, ӨКМ куткаруучуларынын, өрт өчүрүүчүлөрдүн аткарган күжүрмөн эмгектери жана алардын жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып берди.

Министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов ККББда жайгашкан “112” бирдиктүү кызматынын жарандардан түшкөн чалууларды кабыл алуу, билдирүүлөрдүн багытына жараша андан ары кызмат көрсөтүүсү, стратегиялык унаа жолдордогу өткөрмө пункттары онлайн көзөмөлдөнүп, жол кырсыктарын, унаа тыгындарын болтурбоо максатында күнү-түнү камералар иштеп турарын маалымдады.

Муну менен катар өрт өчүрүүдөгү тоскоолдуктар тууралуу депутаттардын берген суроолоруна жооп берип жатып, Азамат Мамбетов “Кудайберген” базарында тутанган ири өрт кырсыгынын мисалында жооп берди. Анын айтуусунда, унаалардын башаламан токтоосу, ар кандай жыш курулмалар өрт өчүрүүчү унаалардын өтүүсүнө тоскоолдук жаратат, ошого карабай көрөгөчтүк жана пландуу аракеттери менен убагында тилсиз жоону курчоого алып, өчүрүүдөгү эмгеги чоң.

Ошондой эле министрдин биринчи орун басары өткөн жыл ичинде катталган табигый кырсыктар, келтирилген материалдык чыгымдар, жаратылыш апааттарынын кесепеттерин жоюу ишмердүүлүгүнүн жүрүшү, жыйыктары жана башка жетишилген эл аралык деңгээлдеги ийгиликтери туурасында слайд түрүндө кенен маалыматтык баяндама берүүдө.

Белгилей кетсек, делегаттын курамында эл өкүлдөрү Улугбек Ормонов, Сүйүнбек Өмүрзаков, Медербек Алиев, Бахридин Шабазов, Нурбек Сыдыгалиев, Руслан бек Жакышов, Советбек Рустамбек уулу жана башкалар бар.