Эл өкүлү Лейлек районунун айылдарына өзгөчө чек ара статусун берүүнү суранды

Жогорку Кеңеш Загрузка... 06 Март 2025 09:40
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Бишкек, 06.03.25. /Кабар/. Эл өкүлү Лейлек районунун айылдарына өзгөчө чек ара статусун берүү боюнча кайрылуу жасады.

Жогорку Кеңештин коомчулук жана ЖКМ менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, депутат Миргүл Темирбаева Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмесине кирбей калган алыскы Баткен облусунун Лейлек районундагы айылдары тууралуу сөз кылды.

Алгач, эл өкүлү Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмесин аныктап, аны бекитүү иш чаралары бүгүнкү күнгө чейин 3 этап менен жүргүзүлүп жатканын айтып, ар бир этапка учкай токтолду.

«Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын тизмесин аныктоо жана бекитүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын 2024-жылдын 16-февралындагы отурумунун №3 чечиминде Лейлек районунун: Лейлек айыл аймагындагы 5 айылдын үчөөнө өзгөчө статус берилип, 2 айыл тизмеге кирбей калды. Тактап айтканда, Лейлек айыл аймагындагы тизмеге кирген Ак-Терек, Кара-Суу жана Чуянчи айылдары менен тизмеге кирбей калган Коргон жана Лейлек айылдарынын ортосундагы аралыктары 700 метрден 5 чакырымга чейин түзөт. Бул айылдардын баары бир сайдын ичинде жайгашкан. Алардын ичүүчү таза жана сугат суусу бир эле сайдын суусу болот», - деди.

Муну менен катар депутат Тогуз-Булак айыл аймагындагы абалга да кайрылды.

«Тогуз-Булак айыл аймагындагы 7 айылдын ичинен 4 айылга статус берилип, 3 айыл тизмеге кирбей калган. Тактап айтканда, Тогуз-Булак айыл аймагындагы тизмеге кирген Айбике, Тогуз-Булак, Ай-Көл жана Гордой айылдары менен тизмеге кирбей калган Кара-Булак, Миң-Жыгач жана К.Сабыров айылдарынын ортосундагы аралыктары 200 метрден 3 чакырымга чейин, бул айылдар дагы бир коктунун ичинде жайгашкан», - деп кошумчалады эл өкүлү.

Жыйынтыгында депутат жогоруда аталган комиссиянын ишин карап чыгып, бул чечимдеги тизмеге толуктоо менен Лейлек районунун жалпы айылдарына өзгөчө чек ара статус берүү боюнча атайын протоколдук тапшырма берүүнү сунуштады.