Эл өкүлү айылдарда “Бирдиктүү терезе” системасы качан иштей баштаарына кызыкты

Коом Загрузка... 23 Май 2025 14:42
383101582645398_big.png
copyright icon www

Бишкек, 23.05.25. /Кабар/. “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева “Бирдиктүү терезе” системасы айылдарда качан иштей баштаарын сурады.

Анын айтымында, санариптештирүүнү күчөтүү керек.

"Бирдиктүү терезе” системасы айылдарда дагы деле иштебейт. Эмне үчүн бул процесс токтоп турат? Жарандар айыл өкмөттүн имаратына келип, керектүү справкаларды бир жерден алып, калкты тейлөө борборлоруна чуркабай, бир справка алыш үчүн ошол жерде түнөбөшү керек. Аймактарда санариптештирүүнү айыл өкмөттөрүнө киргизүү керек", - деди депутат.