Бишкек, 31.01.25. /Кабар/. Бүгүнкү жасалма интеллект тилдик моделдери менен кызыктырат. Бул тууралуу Oxford Insights компаниясынын директору Ричард Стирлинг билдирди.
"Эгер аны кайсы жерде колдонуу эң жакшы деп айта турган болсок, анда аны күнүмдүк жашоодо колдоно баштаңыз. Сиз күнүмдүк ишиңиз тууралуу мисалы, бүгүн кечки тамакка эмне жасасам болот жана башка ушул сыяктуу суроолорду берсеңиз болот. Ошондой эле жасалма интеллект тексттерди которууга, изилдөө жүргүзүүгө да көмөктөшө алат. Буга мисал катары ChatGPT, DeepSeek'терди атасак болот", - деди ал.
Ричард Стирлинг белгилегендей, Алматыда өтүп жаткан форум жасалма интеллекти колдонууда мындан аркы пландарды кароо максатын көздөйт.