Эксперт Кыргызстан менен Кореянын кызматташуу багыттарын атады

Коом 17 сентябрь 2026 18:00
Эксперт Кыргызстан менен Кореянын кызматташуу багыттарын атады

Бишкек, 17.09.26 /Кабар/. Кыргызстан Түштүк Корея үчүн продукция өндүрүү жана чогултуу боюнча келечектүү аянтча боло алат. Бул тууралуу экономикалык маселелер боюнча эксперт Денис Бердаков "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда ички рынок чакан болгонуна карабастан, өлкөнүн экономикасы өсүп, Кореянын товарларларына болгон кызыгуу артууда. Ошондой эле акыркы беш жылда эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү он эсеге өстү.

“Жакынкы жылдары Кореянын чакан компаниялары да, Daewoo, Hyundai сыяктуу ири компаниялары да Кыргызстанда чоң өкүлчүлүктөрүн ачат. Ошондо эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 2 млрд долларга чейин жетиши мүмкүн”, — деди Денис Бердаков.

Эксперт белгилегендей, кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн Кыргызстан Түштүк Корея менен туруктуу аба каттамдарын камсыздоого, виза режимин жеңилдетүүгө, кореялык инвестицияларды тартууга, IT чечимдерин киргизүүгө жана өнөр жайды өнүктүрүүгө кызыкдар.