Бишкек, 06.02.25. /Кабар/. Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров “Кабар” маалымат агенттигине берген комментарийинде Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн маанилүү багыттарына токтолуп, ошондой эле Пекинде өткөн жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген макулдашууларга талдоого жүргүздү.
«Кыргызстандын президентинин Кытайга болгон иш сапары биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтык жаңы стратегиялык деңгээлге көтөрүлгөнүнөн кабар берет. Ар тармактарда кызматташтыкты тереңдетүү үчүн маанилүү макулдашууларга жетип, келишимдер түзүлдү. Биз эки мамлекеттин саясий жакындыгын жана экономикалык өнүгүүгө прагматикалык мамиле жасалып жатканын көрүп турабыз.
Стратегиялык ар тараптуу өнөктөштүктү кеңейтүү боюнча декларацияга кол коюлуп, эки өлкө узак мөөнөттүү кызматташууга умтулгандарын көрсөтүштү. Энергетика, өнөр жай, тоо-кен жана транспорттук логистика секторлорунда ири долбоорлорду ишке ашырууга негиз түзгөн олуттуу оң жылыштар болду. Кытай эң ири инвесторлордун бири болгондуктан, бул инвестициялык-экономикалык чөйрөнү өзүнчө бөлүп койсок болот.
Бул кызматташтыктын натыйжасын азыртадан көрүп жатабыз. Биргелешкен ишканалар түзүлүп, жаңы заводдор, фабрикалар ачылууда. Темир жолдун курулушу башталып жатат, ал биздин өлкө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Кыргызстан бул темир жол аркылуу деңизге жана эл аралык рынокторго чыгат.
Кытайдын «Бир алкак, бир жол» деген абдан олуттуу демилгеси бар. Биз азыр бул глобалдык долбоорго активдүү катышып жатабыз. Долбоор транспорт коридорлорун модернизациялоону, аймактагы экономикалык байланышты жакшыртууну жана ири инфраструктуралык структураларды куруу жана өзгөртүүнү камтыйт.
Биз ошондой эле жасалма интеллект технологияларын өздөштүрүүгө абдан кызыкдарбыз. Кытай бул багытта алдыңкы орунду ээлейт. Бул жаатта кызматташуу биз үчүн санариптик трансформация жана технологиялык потенциалды жогорулатуу үчүн абдан пайдалуу болмок.
Жалпысынан Кыргызстан менен Кытай экономикалык потенциалын чыңдап, өнүктүргөнү, сезилерлик пайда алып келет”, - деп белгилейт Төлөнбек Абдыров.