Экономика министрлиги кадрлар резервине конкурс жарыялайт

Коом 9 октябрь 2026 16:00
Экономика  министрлиги кадрлар резервине конкурс жарыялайт

Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик жарандык кызматтын башкы жана улук административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт. Бул тууралуу ведомство билдирет.

Талапкерлерге негизги талаптар:

  • Кыргыз Республикасынын жараны болуу;
  • 21 жаштан кем эмес болуу;
  • Тиешелүү жогорку билимге ээ болуу;
  • Белгиленген иш стажынын талаптарына жооп берүү.

Иш тажрыйбасы боюнча талаптар:

  • Башкы кызмат орундарына: мамлекеттик же муниципалдык кызматта кеминде 3 жыл же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жыл.
  • Улук кызмат орундарына: мамлекеттик же муниципалдык кызматта кеминде 1 жыл же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жыл.
  • Экономика, техникалык жана физика-математикалык илимдер, юриспруденция, эл аралык мамилелер багыттары боюнча жогорку билим талап кылынат. Башкы кызмат орундарына мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багытындагы билим да кабыл алынат.

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү:

2026-жылдын 30-сентябрынан 10-октябрына чейин.

Кантип катышууга болот?

Документтер «e-Kyzmat» мамлекеттик порталынын (kyzmat.gov.kg) жеке кабинети аркылуу электрондук түрдө тапшырылат.

Кошумча маалымат: 620535 (кошумча 154, 155, 156).

Толук маалымат министрликтин расмий сайтында.