Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата маданият тармагынын кызматкерлерине ипотекалык турак жайлар берилерин маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев "Ачык кабинет" долбоорунун алкагында "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, буга чейин да министрликтин кызматкерлери кезеги менен ипотека аркылуу батир алып келишкен.
"Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кызматкерлерди турак жай менен камсыздоодо Мамлекеттик ипотекалык компания менен биргеликте иш алып барууда. Мында кызматкерлер МИК аркылуу кезекке туруп, турак жай алса болот. Жакында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата биздин көп кызматкерлерибиз турак жайлуу болот деген үмүттө турабыз", - деди министр.