Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Учурда Ош шаарында 5 518 ипотекалык батир курулууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ош шаарындагы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган "Асман Резиденс №1" турак жай комплексинин ачылыш аземинде билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, аймактардагы турак жай курулушунун көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй:
- Ош шаарында — 5 518 батирди камтыган төрт турак жай комплекси курулууда;
- Ош облусу боюнча — 2 044 батирлүү үч турак жай комплексинин курулушу жүрүп жатат;
- Өлкөнүн бардык аймактарында — бүгүнкү күндө жалпысынан 82 миңден ашык батирдин курулушу кызуу жүрүүдө.