Байсалов президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү Жетигеновду өкүлчүлүктүн жамаатына тааныштырды

Министрлер кабинети 1376 24 Январь 2025 16:55
6793617d8a0a1-thumb.jpeg
6793616aaabee-thumb.jpeg
6793617452ce0-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
6793617d8a0a1-thumb.jpeg
6793616aaabee-thumb.jpeg
6793617452ce0-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 24.01.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жамаатына жаңы ыйгарым укуктуу өкүл Бактыбек Жетигеновду тааныштырды.

Анда сүйлөгөн сөзүндө Эдил Байсалов жаңы ыйгарым укуктуу өкүлдүн алдында турган негизги милдеттерди белгиледи. Аткара турган милдеттердин ичине облуска инвестиция тартуу, жаңы жумуш орундарын түзүү, инфраструктураны өнүктүрүү жана модернизациялоо, ошондой эле Ысык-Көл облусунун туруктуу социалдык-экономикалык өсүшүн камсыз кылуу маселелерин тизмектеди.

Минкаб төрагасынын орун басары Бактыбек Жетигеновго алдыга койгон максаттарына ийгилик каалап, анын кесипкөйлүгүнө ишенээрин билдирди.