Бишкек, 04.02.25. /Кабар/ Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы - элчи Мэрилин Йосефсон Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу энергетика министри Таалайбек Ибраев менен жолугушту.
Министрликтен билдиришкендей, жолугушуунун жыйынтыгында элчи Кыргызстандын Энергетика тармагынын 90 жылдыгына карата «Энергетика тармагындагы кызматташууга кошкон салымы үчүн» төш белгиси менен сыйланды.