ЕАӨКтүн кийинки жыйыны августта Чолпон-Ата шаарында өтөт

Коом Загрузка... 31 Январь 2025
1.jpg
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 31.01.25. /Кабар/. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кийинки жыйыны ушул жылдн август айында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтөт.

Мындай чечим бүгүн Алматы шаарында өтүп жаткан ЕАӨКтүн кеңейтилген форматтагы жыйынын жыйынтыгында кабыл алынды.

Жыйында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары 12 маселени карашты.

Атап айтканда, электрондук коммерция, бажы тармагындагы өз ара аракеттенүү, агроөнөр жай тармагындагы ири кооперациялык долбоорлор жыйындын негизги темалары болду.

Эскерте кетсек, 30-31-январда Алматы шаарында ЕАӨКтүн кезектеги жыйыны өттү,