Драматург Мар Байжиевдин 90 жылдыгы белгиленди

Маданият 24 Март 2025 09:23
2b8cb3ba-6c69-4044-bf74-0cfb3b2eb750.jpeg
bb9658bf-e6e9-459d-ab4a-4e03717549c4.jpeg
41b082b6-912a-40f3-9130-870584c8ada1.jpeg
Алдыга
Артка
2b8cb3ba-6c69-4044-bf74-0cfb3b2eb750.jpeg
bb9658bf-e6e9-459d-ab4a-4e03717549c4.jpeg
41b082b6-912a-40f3-9130-870584c8ada1.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Кыргыз улуттук академиялык драма театры

Бишкек, 24.03.25. /Кабар/. Кечээ, 23-март күнү Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында КРнын Эл жазуучусу, драматург Мар Байжиевдин 90 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу кыргыз драма театрынан билдиришти.

Эскерүү кечесинде Мар Байжиевдин өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндө кыскача фильм көрсөтүлүп, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы КРнын Эл жазуучусу, драматург Султан Раев жана Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиевдер сөз сүйлөшүп, драматургдун чыгармаларына кеңири токтолуп өтүштү.

Андан соң, Мар Байжиевдин калемине таандык "Кыз күйөө" спектакли көрүүчүлөргө тартууланды.