Бишкек, 06.02.25. /Кабар/. Үч жылдын ичинде “Эл үмүтү” президенттик стипендиясынын 36 стипендиатын окутууга 177 млн сомдон ашык каражат жумшалды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева парламенттин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, быйылкы жылдан тарта стипендиаттарга атайын талаптар коюла баштайт, ага ылайык алар чет элдик университеттерде окуусун аяктаган соң Кыргызстанга кайтып келип, өз мекенинде иштеши керек.
Болбосо, алар окутууга кеткен каражатты кайтарып берүүгө милдеттүү.
Министр белгилегендей, мындай талап стипендия менен аяктаган бүтүрүүчүлөр чет өлкөдө окуусун аяктагандан кийин кайра кайтып келбегендиктен улам киргизилген.