Ташкент, 17.05.25. /Кабар/. Дүйнөлүк банк Өзбекстанга бөлүштүрүүчү электр тармактарын модернизациялоого жана кайра жаралуучу энергия булактарын интеграциялоого 100 млн доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя бөлүүнү жактырды, деп билдирди банктын Ташкенттеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.
Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча директору Татьяна Проскурякова белгилегендей, бул долбоор Өзбекстандын 2030-жылга чейинки бөлүштүрүүчү электр тармактарын кеңейтүү жана жаңылоо боюнча мамлекеттик программасын ишке ашырууга салым кошот.
Иш-чаралар негизинен Каракалпакстан менен Сурхандарья облусун камтыйт. Долбоордун алкагында 6000 чакырым электр линиясы курулуп, жаңыланат, 250 МВА кубаттуулуктагы 1200 трансформатор орнотулат, 150 миң “акылдуу” эсептегич жана 4000 маалымат концентратору туташтырылат.
Натыйжада 2029-жылга чейин кардарлардын канааттануусу 90%га жетет, 50 МВтка чейин кайра жаралуучу энергия кабыл алынат, көмүр кычкыл газынын бөлүнүшү жылына 450 миң тоннага чейин кыскартылат, ал эми РЭСтеги аялдардын үлүшү 14%га чейин жогорулайт.
Мекеменин маалыматына ылайык, Өзбекстан 2030-жылга чейин кайра жаралуучу энергия булактарынан алынуучу генерациянын көлөмүн 25 гигаваттка жеткирүүнү көздөйт. 2024-жылы электр энергиясын бөлүштүрүүдө техникалык жоготуулар 13%ды түзгөн. Тармактардын жарымынан көбү 30 жылдан ашуун убакыттан бери колдонулуп келет жана бул авариялар менен үзгүлтүктөрдүн негизги себептеринин бири болуп саналат.