Бишкек, 11.02.25. /Кабар/. Бүгүн президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, министрлер кабинетинин түзүмүнө айрым өзгөртүүлөр киргизилди.
Ага ылайык, дене тарбия жана спорт чөйрөсүн өнүктүрүүнүн ролун жогорулатуу максатында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Дене тарбия жана спорт департаментинин базасында министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги түзүлдү.
Дене тарбия жана спорт боюнча өз алдынча мамлекеттик органды түзүү каралып жаткан тармакты натыйжалуу өнүктүрүү үчүн ыйгарым укуктарды жана ресурстарды топтоштурууга мүмкүндүк берет, программалардын улантуучулугун, спорттук инфратүзүмдү өнүктүрүүнү камсыз кылат, ошондой эле каралып жаткан чөйрөдө өлкөнүн кызыкчылыктарын эл аралык талаптагыдай көрсөтүүнү камсыз кылат.
Ошондой эле Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин базасында Курулуш, архитектура, жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги түзүлдү.