Дем алышта өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталды

Кырсык Загрузка... 28 Апрель 2025 10:32
IMG_2747.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 28.04.25. /Кабар/. Өлкө аймагында акыркы суткада 9 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 9 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- Бишкек шаарында – 3;
- Чүй облусунда – 2;
- Ысык-Көл облусунда – 1;
- Ош шаары – 1;
- Нарын облусу – 1;
- Ош облусу – 1.

Куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болду.