Дем алышта Кыргызстанда 10 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 10 март 2025 09:26
Дем алышта Кыргызстанда 10 өрт кырсыгы катталды
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 10.03.25. /Кабар/. Дем алышта Кыргызстанда 10 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Анын ичинен:
- Бишкек шаарында – 3;
- Чүй облусунда – 2;
- Нарын облусунда – 1;
- Талас облусунда – 1;
- Баткен облусунда – 3.

Тилсиз жоону өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болду.