Өпкөсүнөн шуру алынды. Бишкекте дарыгерлер наристенин өмүрүн сактап калышты

Ден соолук 16 Февраль 2026 15:29
631940454_18051211658705147_3403909141309066261_n (1).jpg
631828691_18051211667705147_1327385250599981289_n.jpg
Алдыга
Артка
631940454_18051211658705147_3403909141309066261_n (1).jpg
631828691_18051211667705147_1327385250599981289_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Эне жана баланы коргоо улуттук борбору

Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун адистери бир жашар наристенин өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1 жаш 1 айлык наристе ойноп жатып, кокусунан белгисиз нерсени жутуп алган. Андан соң бала дароо жөтөлүп, оозу көгөрүп, дем алуусу кыйындаган. Апасы үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылып, бала тез арада улуттук борборго жеткирилген.

Ооруканага түшкөндө наристенин абалы дем алуу жетишсиздигинен улам оор деп бааланган. Рентгендик изилдөөнүн жыйынтыгында баланын оң бронхасында бөтөн зат бар экени аныкталган. Дарыгерлер ыкчам түрдө наркоз алдында бронхоскопия жасап, өпкөгө тыгылып калган шуруну ийгиликтүү алып чыгышты.

Учурда баланын абалы канааттандырарлык, дем алуусу калыбына келди.