Данияр Амангелдиев ТМУнун башкы катчысы менен соода-экономикалык маселелерди талкуулады

Министрлер кабинети Загрузка... 30 Январь 2025
24927_1738215613_lg.jpg
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолукту.  

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар уюмдун ишмердүүлүгүнүн алкагында соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу маселелерин талкуулашты жана Мамлекет башчылары тарабынан буга чейин коюлган тапшырмаларды ишке ашыруу үчүн бардык зарыл болгон күч-аракеттерди жумшоону макулдашышты.

Тараптар ошондой эле 2025-жылга карата аймактагы экономикалык өсүш үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган пландарды талкуулашты.