Чолпон-Атада Run the Silk Road – 2025 эл аралык марафону ийгиликтүү өттү

Министрлер кабинети 5476 03 Май 2025 11:16
681595841f169 (1).jpeg
6815962d0ac12.jpeg
6815962b58c76.jpeg
681595fef0e6b.jpeg
6815960b060b9.jpeg
681595fc69d82.jpeg
681595f173eb2.jpeg
681595e402341.jpeg
681595ed80469.jpeg
681595dcddcca.jpeg
681595c96cb00.jpeg
681595ba45c90.jpeg
681595b2d116e.jpeg
681595ab13bb2.jpeg
681595a3e2823.jpeg
68159598cad03.jpeg
68159594a5309.jpeg
6815958bea18a.jpeg
Алдыга
Артка
681595841f169 (1).jpeg
6815962d0ac12.jpeg
6815962b58c76.jpeg
681595fef0e6b.jpeg
6815960b060b9.jpeg
681595fc69d82.jpeg
681595f173eb2.jpeg
681595e402341.jpeg
681595ed80469.jpeg
681595dcddcca.jpeg
681595c96cb00.jpeg
681595ba45c90.jpeg
681595b2d116e.jpeg
681595ab13bb2.jpeg
681595a3e2823.jpeg
68159598cad03.jpeg
68159594a5309.jpeg
6815958bea18a.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 03.05.25. /Кабар/. Бүгүн Чолпон-Ата шаарында туристтик сезондун ачылышынын алдында Шанхай кызматташтык уюмунун Run the Silk Road – 2025 эл аралык марафону өттү.

Иш-чаранын салтанаттуу ачылышында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев сөз сүйлөдү.

Өз сөзүндө Бакыт Төрөбаев ШКУнун Run the Silk Road – 2025 эл аралык марафонунун катышуучуларын жана конокторун куттуктады. Ал бул иш-чара спорттук жетишкендиктердин аянтчасы гана болбостон, ШКУга кирген мамлекеттердин ортосундагы достукту чыңдоого салым кошуп, жарандарды активдүү жана сергек жашоого үндөй турганын белгиледи.

Минкаб төрагасынын орун басары президенти Садыр Жапаровдун жигердүү колдоосунун аркасында өлкөдө спортту өнүктүрүүдө олуттуу жылыштар болуп жатканын белгиледи.

"2024-жылы тармакты каржылоо эки эсеге көбөйүп, 2 млрд 141 млн сомду түздү, ал эми 2025-жылга 2 млрд 445 млн сом бөлүү пландалууда. Өлкөдө жаңы спорт объектилери, анын ичинде Эл аралык футбол ассоциациясынын (ФИФА) стандарттарына жооп берген Борбор Азиядагы эң чоң стадион курулууда. Кыргыз спортчулары эл аралык мелдештерде жогорку көрсөткүчтөргө ээ болуп, 2024-жылы 835 медалды өлкөгө алып келишти”, - деди ал.

Бакыт Төрөбаев ошондой эле Кыргызстандын жагымдуу туристтик өлкө катары популярдуулугу өсүп жатканын белгиледи. Ал жергиликтүү калктын кайталангыс табияты жана салттуу меймандостугу мындан ары да дүйнөнүн төрт бурчунан спортту жана активдүү эс алууну сүйүүчүлөрдү өзүнө тартат деген ишенимин билдирди.

Марафондун алкагында жөө күлүктөр төмөнкү аралыктарда жарышты: марафон (42,2 км), жарым марафон (21,1 км), 10 км жана 3 км, ошондой эле скандинавиялык басуу.