“Чоң-Капка” өткөрмө пунктун реконструкциялоого 70 млн сом бөлүндү — Кабар

“Чоң-Капка” өткөрмө пунктун реконструкциялоого 70 млн сом бөлүндү

Коом 29 август 2026 16:35
IMG_6544.png
IMG_6545.png
IMG_6546.png
IMG_6547.png
IMG_6548.png
IMG_6549.png
IMG_6550.png
Алдыга
Артка
IMG_6544.png
IMG_6545.png
IMG_6546.png
IMG_6547.png
IMG_6548.png
IMG_6549.png
IMG_6550.png
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Кабар

Бишкек, 29.08.26 /Кабар/. Кыргызстандын Казакстан менен болгон мамлекеттик чек арасындагы Талас облусунда жайгашкан ”Чоң-Капка“ көзөмөл-өткөрүү пунктун реконструкциялоо иштери аяктады. Бул тууралуу аймак боюнча уюштурулган пресс-турдун жүрүшүндө Талас облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Байжигитов билдирди.

IMG_6551

Анын айтымында, буга чейин өткөрмө пункту канааттандырарлык эмес абалда болгон. Өткөн жылы жумушчу сапардын жүрүшүндө пунктту кеңири реконструкциялоо чечими кабыл алынган.

”Эрмат Жумаевдин сунушу менен президент Садыр Жапаровдун колдоосунун негизинде анын штабдык фондунан 70 млн сом бөлүндү. Учурда өткөрмө пункту толугу менен оңдолуп, жаңыланды”, — деди ал.

Реконструкциянын алкагында асфальт төшөлмөсү жаңыланып, аймакты көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ашкана модернизацияланып, заманбап техникалык жабдуулар, компьютерлер жана LED-экрандар орнотулду.

”Биз үчүн бул жөн гана чек ара өткөрмө пункту эмес, Талас облусунун жүзү. ”Эшигин көрүп төрүнө өт дегендей, үйдүн ичи анын кире беришине карап бааланат. Ошондуктан облуска жарандарыбыз, туристтер жана башка өлкөлөрдөн келген коноктор кирген бул жерди талапка ылайык абалга келтирүү маанилүү болчу”, — деп белгиледи ал.

Өткөрмө көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Толкунбек Асбеков буга чейин өткөрмө пунктундагы шарттар жарандар үчүн да, кызматкерлер үчүн да канааттандырарлык эмес болгонун билдирди.

IMG_6552

”Туристтер, жарандарыбыз жана кызматкерлер үчүн кыйла ыңгайлуу шарттар түзүлдү”, — деди ал.

Анын айтымында, өткөрмө пунктунда эне жана бала бөлмөсү, күтүү залдары, тамактануучу жайлар жана кызматкерлер үчүн жашоо бөлмөлөрү пайда болду. Ошондой эле техникалык база жаңыланды.

Аймакка 60ка жакын жаңы видеобайкоо камерасы орнотулуп, алардын баары учурда иштеп жатат. Жабдууларды жаңылоо кызматкерлердин ишин кыйла ыңгайлуу жана натыйжалуу жүргүзүүгө шарт түздү.

Учурда өткөрмө пункту аркылуу күн сайын болжол менен 1–1,5 миң адам өтөт.

”Чоң-Капка“ өткөрмө пунктун реконструкциялоо иштери 2025-жылы башталып, 2026-жылы аяктаган. Иштер мамлекеттик каражаттын эсебинен каржыланган.

Реконструкцияланган өткөрмө пункту Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын майрамдоонун алдында Талас облусунда уюштурулган пресс-турдун алкагында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү барып көргөн объектилердин бири болду.