Чүйдө мыйзамсыз аңчылык кылгандар кармалып, айып салынды

Укук тартиби Загрузка... 03 Февраль 2025 15:35
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 03.02.25. /Кабар/. Чүй облусунун аймагында мыйзамсыз аңчылык кылгандар кармалып, айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын биоресурстарды контролдоо бөлүмү Чүй облусунда рейддик иш-чараларды өткөрдү. Анын натыйжасында бир нече жарандар мыйзамсыз аңчылык кылганы үчүн кармалды.

Мыйзам бузган жарандарга КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин "Аңчылык эрежелерин бузуу" беренеси боюнча протоколдор түзүлүп, 50 миң сом айып салынды.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөштү улантып, аймактардагы экологиялык тең салмактуулукту сактоо үчүн ишин күчөтүүдө.