Чүйдө мушташка катышкан делген 29 киши милицияга жеткирилди

Укук тартиби 2005 03 Январь 2026 12:55
610700711_913032844716282_8398618485083563545_n.jpg
610818973_913032881382945_2611719734506383916_n.jpg
610966754_913032851382948_7041287860561188401_n.jpg
611126852_913032908049609_1895880291471637310_n.jpg
611167075_913032874716279_5108282877605301919_n.jpg
Алдыга
Артка
610700711_913032844716282_8398618485083563545_n.jpg
610818973_913032881382945_2611719734506383916_n.jpg
610966754_913032851382948_7041287860561188401_n.jpg
611126852_913032908049609_1895880291471637310_n.jpg
611167075_913032874716279_5108282877605301919_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Чүй ОИИБ

Бишкек, 03.01.26. /Кабар/. Ысык-Ата районундагы мушташ фактысы боюнча жалпы 29 адам милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, 2-январда Ысык-Ата районунун айыл аймактарынын биринин борборунда ар кайсы айылдардын тургундары ортосунда мушташ болуп жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Ички иштер органдары тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө окуяга тиешеси бар бардык адамдар аныкталган. Жалпы 29 адам облустук милицияга тиешелүү тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн жеткирилген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголду.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө белгилүү болгондой, чатак айдоочулар ортосунда унаа токтотуучу жайга байланыштуу чыккан пикир келишпестик мушташка алып келген.

Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесине ылайык 11 адам кармалды. Мындан тышкары, коомдук тартипти бузгандыгы үчүн 18 адамга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен протоколдор түзүлдү.

Тергөө иштери уланууда.