Чет өлкөдө соттолгон 700дөн ашуун кыргызстандык экстрадициядан баш тартууда

Укук тартиби Загрузка... 16 Апрель 2025 17:47
prisoners-European-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 16.04.25. /Кабар/. Чет өлкөлөрдө соттолгон 700дөн ашык кыргызстандык экстрадициядан баш тартууда. Бул тууралуу парламенттин жыйынында башкы прокурор Максат Асаналиев билдирди.

Ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, чет өлкөлөрдө соттолгон жарандарды Кыргызстанга экстрадициялоо процесси анын жеке көзөмөлүндө экенин айтты.

"Биз жарандардын кайрылуулары боюнча күнү-түнү иштеп жатабыз. Кайрылуулардын көпчүлүгү экстрациялоо процессинин кечеңдешине байланыштуу болууда. Бул бизден гана эмес, башка өлкөлөрдүн сот процесстеринен дагы көз каранды. Чет өлкөлөрдө жазасын өтөп жаткан 700дөн ашык кыргызстандык экстрадиядан баш тартышты", - деди ал.