Бишкек, 24.01.25. /Кабар/. Кыргызстандагы чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу процессин жөнөкөйлөтүү, ачык-айкын кылуу механизмдерин жана инструменттерин иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, өз ишин баштады.
Экономика министрлигинен билдиришкендей, унааларды мыйзамдаштыруу тиешелүү ченемдик укуктук акт кабыл алынгандан кийин ишке ашырылат.
Жумушчу топ төмөнкү иштерди аткарат:
-Автоунааларды алгачкы каттоо эрежелерин жана шарттарын, каттоо үчүн жыйымдын өлчөмүн жана колдонуу мөөнөтүн тактоо;
-Автоунааларды кайра ташып чыгуу жөнүндө милдеттенме менен чет мамлекеттердин жарандарынын башкаруусундагы автоунаалардын кирүү жана жүрүү мөөнөттөрүн контролдоо тартибин иштеп чыгуу.
Мыйзамдаштыруунун этаптары менен mineconom.gov.kg сайтынан таанышсаңыздар болот.
Эске салсак, президенттин жарлыгын ишке ашыруу алкагында, министрлер кабинетине 2 айлык мөөнөттө Кыргызстанга киргизилген чет мамлекеттердин мамлекеттик каттоо белгилери автоунааларын легалдаштыруу тартибин жөнгө салуу жана этап-этабы менен мыйзамдаштыруу процессин жүзөгө ашыруу тапшырылган.