Чек ара коопсуздугу: Баткенде биргелешкен чек ара операциясы өттү

Аймак 8 сентябрь 2026 13:45
1078014287_0_107_2048_1259_1920x0_80_0_0_4df31bf18ac0a58ab9e9e0d9c0af8db3.jpg
799561555_1615656866594429_4402348093289224360_n.jpg
799755340_1615656989927750_6425792017485592512_n.jpg
790318247_1615656939927755_2660528964784859481_n.jpg
799561549_1615656893261093_2097864448350878897_n.jpg
Алдыга
Артка
1078014287_0_107_2048_1259_1920x0_80_0_0_4df31bf18ac0a58ab9e9e0d9c0af8db3.jpg
799561555_1615656866594429_4402348093289224360_n.jpg
799755340_1615656989927750_6425792017485592512_n.jpg
790318247_1615656939927755_2660528964784859481_n.jpg
799561549_1615656893261093_2097864448350878897_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 08.09.26. /Кабар/. Баткен облусунда "Солидарность-2026-Кыргызстан" биргелешкен чек ара операциясынын негизги этабынын алкагында күч түзүмдөрүнүн жана өз ара аракеттенүү органдарынын катышуусунда бөлүштүрүү иш-чарасы өткөрүлдү.

Аймактагы өкүлчүлүктөн билдиришкендей, иш-чара Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын алдында уюштурулуп, ага облустагы тиешелүү күч түзүмдөрүнүн жана өз ара аракеттенүүчү органдардын бөлүкчөлөрү тартылды.

Бөлүштүрүүнүн жүрүшүндө чек ара операциясы учурунда колдонулуучу атайын автоунаалар, учкучсуз учуучу аппараттар, кызматтык жаныбарлар жана мамлекеттик чек араны кайтарууда пайдаланылуучу башка техникалык каражаттар көрсөтүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев жана Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Каныбек Рыскулов тарабынан биргелешкен чек ара операциясын сапаттуу жана уюшкандыкта өткөрүү боюнча кошумча тапшырмалар коюлду.

Бөлүштүрүү учурунда коопсуздук эрежелери так сакталып, иш-чарага тартылган бөлүкчөлөр белгиленген кызмат өтөө аймактарына жөнөтүлдү.

"Солидарность-2026-Кыргызстан" биргелешкен чек ара операциясы мамлекеттик чек аранын коопсуздугун камсыз кылуу, күч түзүмдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү жана чек ара аймактарындагы кырдаалга ыкчам чара көрүү максатында өткөрүлүүдө",-деп айтылат маалыматта.